• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

ЖК комитети вакцина үчүн 12,5 млн доллар насыя боюнча чечим кабыл алышкан жок

6 Кулжа 2022 13:07 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитети 6-июндагы отурумунда Азия өнүктүрүү банкынан COVID-19га каршы вакцина сатып алуу үчүн 12,5 миллион доллар насыя алуу тууралуу келишим долбоорун башка күнү кароо чечимин кабыл алды.

Долбоорду өкмөт парламентке ратификациялоо үчүн киргизген. Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурийла Шериева бул вакцинаны 2024-жылы сатып алуу пландалып жатканын, азыр өлкөдө 2,5 миллион доза бар экенин билдирди.

Бирок депутаттар бул келишимге каршы чыгышты. Депутат Айбек Маткеримов вакцина сатып алууга байланыштуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев камакка алынганын айтты. Депутат Жылдыз Садырбаева буга чейин сатылып алынган вакцина толук колдонулбай калып жатканын белгилеп, чоң суммада алынган насыя акчанын үстөк пайызы болорун эскертти.

Натыйжада талкууну токтотуп, кийинкиге калтыруу чечими кабыл алынды.

Количество просмотров: 128