Бүгүн, 11-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын энергетика министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Рысбеков Алтынбек Дурусбековичтин талапкерлигине макулдук берүү маселеси каралды.
Талапкердин эмгек жолу тууралуу Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.
Жыйынтыгында эл өкүлдөрү сунушту колдоп, Алтынбек Рысбековду энергетика министри кылып дайындоого макулдук беришти.