• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Тавашаров жана Азизбеков энергетика министринин орун басары болуп дайындалды

20 Кулжа 2022 12:40 Бишкек Govori.TV

Эркин Тавашаров жана Байзак Азизбеков КР энергетика министринин орун басары болуп дайындалды.

Ведомстводон билдиргендей, аларды дайындоо тууралуу буйрукка КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.

Эскерте кетсек, буга чейин Азизбеков Улуттук энергохолдинг башкармалыгынын төрагасынын орун басары, ал эми Тавашаров «Электр станциялары» ААКтын башкы директору кызматын аркалап келген.

Количество просмотров: 564