Жогорку Кеңештеги «Элдик» депутаттар тобу, «Ишеним», «Ата-Журт-Кыргызстан» жана «Альянс» фракциялары парламенттин төрагалыгына Нурлан Шакиевди көрсөттү. Бул тууралуу вице-спикер Улан Примов жыйын учурунда билдирди.
Бүгүн, 5-октябрда парламенттин жалпы отурумунда төрага Талант Мамытов кызматынан өз каалоосу менен кетип жатканын билдирген.
Ал спикерликтен кетип жатканына парламенттеги акыркы айрым окуялар себеп болгонун учкай кыйытты.