• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Депутат Шакиев орусиялык телеканалдарды өчүрүүнү сунуштады

2 Жалган куран 2022 15:52 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Нурлан Шакиев КТРКдан орусиялык телеканалдарды, тактап айтканда «Биринчи канал» менен «Россияны» өчүрүүнү сунуштады.

Анын айтымында, өлкө россиялык каналдарды көрсөтүүгө бюджеттик акчаны корото албайт.

«Чет элдик телеканалдарды элдин эсебинен көрсөтпөшүбүз керек. Орусиялык эки каналды өчүрүп, жергиликтүү телеканалдарга шарт түзүп беришибиз керек”, — дейт эл өкүлү.

Ал ошондой эле балдар үчүн кыргыз тилиндеги контентти көбөйтүүнү сунуштады. «Кыргыз тилиндеги мультфильмдерди, жомокторду көрсөтүүнү көбөйтүү керек. Балдарыбыз эне тилин билишпейт», — деп кошумчалады Шакиев.

Количество просмотров: 1290