22-ноябрда КР Жогорку Кеңешинин төрагасы Нурланбек Шакиев Санкт-Петербург шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) 57-пленардык жыйынына катышты.
Төрага Нурланбек Шакиев эл аралык аренада КМШ ПААнын бедели өсүп, чыңдалып жатканын белгилеп, аталган ассамблея шериктештиктин маанилүү структураларынын бири экенине токтолду.
“Анын ичинен маанилүү маселелердин бири катары КМШ алкагында эмгек миграциясына байланышкан кызматташтыкты активдештирүүгө жана бул багыттагы нормативдик-укуктук базаны жаңыртууга чакырам”, – деди Нурланбек Шакиев.
Төрага ошондой эле коопсуздукту камсыздоо жана террористтик ишмердүүлүктүн алдын алууга багытталган негизги профилактикалык чаралардын бири катары мамлекеттик чек ара өткөрүү пункттарынан, өзгөчө аэропорттордон өтүүдө КМШ өлкөлөрүнүн аймагына жумушчулардын жана башка категориядагы жарандардын киришине массалык түрдө тыюу салуу практикасы күчөгөнүнө токтолду. Андыктан, эмгек миграциясынын коопсуз жана мыйзамдуу болушу үчүн, андан сырткары жарандардын адилетсиздикке, бир жактуулукка жана дискриминацияга кабылбоосу үчүн идентификациялык текшерүү механизмдерин иштеп чыгуу боюнча күч-аракеттерди бириктирүүнү сунуштады.
Муну менен катар Москвадагы мектептерде эмгек мигранттарынын балдарын окуудан баш тартуу боюнча жаралган жагдайларга тынчсызданып жатканын айткан төрага эмгек мигранттарынын Россиянын аймагына үй-бүлөсүн алып келүүсүнө тыюу салган, мындан сырткары чет өлкөлүк жарандардын мектепке жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринен акы төлөө менен гана билим алуусуна байланышкан чектөөлөрдүн киргизилип жатканына кабатырланганын билдирди.
“Тескерисинче мигранттардын адаптациясынын эң маанилүү механизми болуп мектептер саналат. Социалдык жана билим берүү чөйрөсүнө ийгиликтүү интеграциялануунун фактору катары мектеп балдарга гана эмес, алардын ата-энелерине да эң жакшы таасир этет. Андыктан аталган маселеге өзгөчө көңүл буруубуз кажет”, – деди Нурланбек Шакиев.