Максат Асаналиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Жумгалбек Шабданбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.
УКМК төрагасы кызмат ордуна дайындоо үчүн Максат Асаналиевдин талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.
Максат Асаналиев 2024-жылдын июнь айынан бери башкы прокурор болуп иштеп келген. Андан кийин анын талапкерлигин Жогорку Кеңеш колдоп, андан кийин президент аны дайындоо жөнүндө Жарлыкка кол койгон.