• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖК төрагасы Нурланбек Шакиев Түркмөнстандын Межлисинин төрайымы менен жолукту

15 Тогуздун айы 202416:07 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-октябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Түркмөстандагы расмий сапарынын алкагында Межлисинин Төрайымы Дунягозел Гулманова менен жолугушту.

Жолугушууда эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларды арттыруу маселеси талкууланып, тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү боюнча да ой бөлүштү.

Алгач Нурланбек Шакиев Дунягозел Гулманованы Түркмөнстандын эгемендүүлүк майрамы, ошондой эле түркмөн элинин улуу акыны жана ойчулу Махтумкули Фрагинин 300 жылдык маарекеси менен куттуктады.

Муну менен катар төрага акыркы жылдары тарыхы, маданияты жана руханий баалуулуктары окшош эки боордош элдин байланыштарын бекемдөө багытында жасалып жаткан иштерге токтолду. 

Ошондой эле соода-экономикалык маселелер тууралуу да сөз кылган Нурланбек Шакиев бул жаатта жылыштар бар экенин эске салып: “Бирок биздин мүмкүнчүлүктөрүбүз өтө чоң. Бул үчүн соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү үчүн кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын ишин активдештирүүбүз кажет”, – деди. 

Мындан сырткары, энергетика жана туризм жаатында да кызматташуу зарыл экенин айткан Жогорку Кеңештин Төрагасы айрым транспорттук-транзиттик маселелерге токтолду. 

Сөзүнүн аягында Нурланбек Шакиев Дунягозел Гулманованы Кыргызстанга расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды. 

Өз кезегинде Түркмөнстандын Межлисинин төрайымы Дунягозел Гулманова да боордош эки элдин алакасын арттыруу түркмөн тарап үчүн да өтө маанилүү экенин белгилеп, алакаларды өнүктүрүү жаатындагы сунуш-пикирлери менен бөлүштү. 

Муну менен катар Кыргызстан эл аралык аянтчаларда, анын ичинен Бириккен Улуттар уюмунун отурумдарында Түркмөнстанды ар дайым колдоп келе жатканын эске салган Дунягозел Гулманова бул үчүн ыраазычылыгын билдирди. 

Ошондой эле улуу калемгер, ойчулдар Махтумкули Фраги менен Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы тууралуу да сөз кылган Межлистин төрайымы алардын эмгектери эки эл үчүн табылгыс казына экенин белгиледи. 

Количество просмотров: 157