Бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында парламент төрага Нурланбек Тургунбек уулу сөз сүйлөп, жергиликтүү бийлик жетекчилерине карата сын пикирин айтты.
«Өзүңүздөр көрүп атасыздар акыркы убактарда шаар башчылары, район башчылары, облус башчылары бүт эле баскан-турганын, отурган-турганын бардыгын ушул телефонго тартып, жарашабы, жарашпайбы, ыгы барбы, ыгы жокпу бардыгы эле көчөгө чыгып алды. Ал алардын милдети унчукпай аларга жүктөлгөн ишти жасаса эл баалайт. Аны сөзсүз эле пиар кылышты кереги жок. Бардыгы эле ушул Ош шаардын мэрин туурап көчөгө чыгып кетишти да. Эми Ош мэри ал өзүнүн стили, методу экен, ага жарашып атат. Бирок башкаларга жарашпагандан кийин эмне кылат дейм да жөн эле маскара болуп», — деди төрага.