• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

ЖК төрагасына караштуу Жаштар кеңеши түзүлдү

26 Бирдин айы 202611:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Табылды Муратбеков Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасына караштуу Жаштар кеңешин түзүү жөнүндө тескемеге Төрага Марлен Маматалиев кол койгонун билдирди.

«Бул чечим Жогорку Кеңештин жаштар менен өз ара байланышын чыңдоо, жаштардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ошондой эле жаштар саясатын өркүндөтүү, жаштардын коомдук-саясий, социалдык-экономикалык жана маданий өнүгүүсүнө шарт түзүү боюнча сунуштарды өз убагында иштеп чыгуу максатында кабыл алынды», — деди.

Муну менен катар эл өкүлү жаңы түзүлгөн кеңештин ишинин негизги максаттары, милдеттери жана принциптерине токтолуп: «Кеңештин негизги багыттары – мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жарандык коом институттары менен өз ара аракеттенүү; жаштардын демилгелерин жана долбоорлорун колдоо; жаштардын ишкердик, инновациялык жана инвестициялык долбоорлорун өнүктүрүүгө көмөктөшүү; жаштардын укуктук сабаттуулугун жогорулатуу; билим берүү, илим, маданият, спорт жана санариптик өнүгүү жаатындагы жаштар долбоорлорун колдоо болуп саналат», – деди Табылды Муратбеков.

Количество просмотров: 233