• Бейшемби 4 Кулжа 2026
  • Четверг 4 Июнь 2026

ЖК төрагасынын басма сөз катчысы дайындалды

18 Бирдин айы 202615:20 Бишкек Govori.TV

Минура Абдыкалыкова Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз катчысы болуп дайындалды.

Парламенттен билдиришкендей, тиешелүү тескемеге төрага Марлен Маматалиев кол койду.

Минура Абдыкалыкова 2012-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин “Журналистика” адистиги боюнча аяктаган.

2012-жылдан 2026-жылга чейин АКИpress маалымат агенттигинде бир катар кызматтарды аркалап келген.

Ошондой эле 2021-2023-жылдары ички иштер министринин коомдук башталыштагы жардамчысы болуп эмгектенген.

Количество просмотров: 137