• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ЖК жеке жактардын активдерин легалдаштыруу боюнча мыйзамын кабыл алынды

4 Бугу 2023 14:00 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 4-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору каралды.

Алсак, Жыйында баяндама жасаган Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитет төрагасы Данияр Төлөнөв белгилегендей, бул мыйзам долбоорлору активдерди декларациялоо учуруна карата жеке жактарга таандык болгон, анын ичинде башка жактарга номиналдуу таризделген же Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта жайгашкан активдерди ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыруунун укуктук механизмин түзүү жолу менен мүлктү жана кирешелерди легалдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу максатында иштелип чыккан.

Андан тышкары жыйында ушул эле багыттагы “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү (Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Кылмыш-жаза кодексине)” мыйзамдын долбоору каралды.

Жыйынтыгында мыйзам долбоорлоруна добуш берилип, үч окууда кабыл алынды.

Количество просмотров: 60