• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Салык кызматы 7-августка чейин жеке жактар тапшырган бардык декларацияларын жок кылат

27 Теке 2023 9:11 Бишкек Govori.TV

Мамлекеттик салык кызматы 2023-жылдын 7-августуна чейин Кыргыз Республикасынын “Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык (9-июнда күчүнө кирген) жеке жактар тарабынан тапшырылган бардык салык декларацияларын жок кылат.

Салык кызматына Мыйзам күчүнө киргенден тартып 60 күндүн ичинде жеке ишкерлерден башка жеке жактар тарабынан тапшырылган бардык декларацияларды жок кылуу тапшырылган.

Жок кылынууга ишкердик иш жүргүзбөгөн (FORM STI-100), салык салынуучу кирешеси жок (жөнөкөйлөтүлгөн) (FORM STI-103), мамлекеттик жана муниципалдык кызмат ордун ээлеп турган жана ээлеген (FORM STI-155) жеке жактын бирдиктүү салык декларациясы, ошондой эле жеке жак үчүн салык декларациясы (FORM STI-079) тийиш.

Жеке жактар тарабынан тапшырылган жогоруда көрсөтүлгөн бардык салык декларацияларын жок кылууга жогоруда аталган Мыйзамга ылайык мамлекет тарабынан кепилдик берилет.

Эске салсак, Мыйзам 2023-жылдын 1-январына карата бар болгон активдерди (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк, акча каражаттары ж.б.) легалдаштырууну карайт.

Жеке жактардын легалдаштырылган активдери үчүн салык жана бажы төлөмдөрүн, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрүн жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөө каралган эмес, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кепилдик берүү түрүндөгү кылмыш-жаза жоопкерчиликтен бошотулат.

Мыйзамдын максаты – активдерди декларациялоо учуруна карата жеке жактарга таандык болгон, анын ичинде башка жактарга номиналдуу таризделген жана/же Кыргыз Республикасынын чегинен сыртта жайгашкан активдерди ыктыярдуу декларациялоо аркылуу легалдаштыруунун укуктук механизмин түзүү жолу менен жеке жактардын мүлкүн жана кирешелерин легалдуу экономикалык жүгүртүүгө тартуу.

Ошондой эле ушул Мыйзамдын колдонулушу Кыргыз Республикасынын экономикасына ички жана тышкы инвестицияларды көбөйтөт, көмүскө экономиканын үлүшүн кыскартат, ушул Мыйзамда каралган активдерди ыктыярдуу декларациялоонун киргизилишине чейин орун алышы мүмкүн болгон мыйзамдардын талаптарын бузгандыгы үчүн мамлекеттик органдар тарабынан куугунтуктоодон активдердин сакталышын жана алардын ээлерин коргоону кепилдөөнү камсыз кылат.

Активдерди ыктыярдуу декларациялоонун мөөнөтү – Мыйзам күчүнө кирген учурдан тартып кийинки 12 ай.

Количество просмотров: 190