• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

ЖКда 5-каналдын тагдыры таразага коюлду

23 Бугу 2018 12:39 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 23.05. 2018. Govori.TV

Жогорку Кеңеште 5-каналдын тагдыры таразага коюлду. Тагыраагы, жалпы жыйынга депутат Дастан Бекешев тарабынан сунушталган мыйзам долбоору каралууда.

«5-канал юридикалык жактан Жогорку Кеңешке тиешелүү болгону менен, факты боюнча андай болбой турат. Парламент тарабынан каржыланып, парламенттин ишин «Пирамида» телеканалы көрсөтүүдө. Ошондуктан, бул каналды жеке менчикке сатууну сунуштап жатам»,-деди депутат.

Ал эми Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусунун башчысы Ренат Түлөбердиев учурда 5-каналдын 85 млн. сом карызы бар экенин, анын анын 81 млн. сому «Кыргызтелекомдун» алдындагы РПО РМТР ишканасына сигнал таратуу боюнча карыз экенин айтып, бирок, каналды сатпай алып калып, иштетүүгө Өкмөт кызыкдар экенин айтты.

 

Количество просмотров: 19