• Шейшемби 7 Бугу 2024
  • Вторник 7 Май 2024

ЖКда аба булгаган ишканаларды күтүүсүз текшерүү жобосун киргизүү сунушталды

5 Кулжа 2023 11:27 Бишкек Govori.TV

Жылуулук берилген маалда гана аба булгаган ишканаларды күтүүсүз текшерүү жобосун киргизүү сунушталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда ЖК депутаты Марлен Мамталиев билдирди.

«Парламенттин комитети ыш маселесине байланыштуу атайын токтом кабыл алган. Бир катар эл аралык уюмдар дагы илимий изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Анда ыш көйгөйүнүн себебинин бири болуп мончолордо, сауналарда ар кандай нерселерди жагуу экени айтылган. Ошондой жайларды тиешелүү мекеме текшерейин десе аларга 10 күн мурда, алдын ала айтышы керек. Ишканалар болсо он күндүн ичинде баарын иретке келтирип, тазалап, даярдап коет. Ошондуктан бардык учурда эмес, жылуулук берилген гана учурда, арыз түшкөн ишканаларды күтүүсүз барып текшерүүгө уруксат берели»,-деди Мамататалиев.

Жыйында өкмөт өлкөнүн өнүктүрүү программасына каршы келет деген жүйө менен бул сунушка терс корутунду бергени маалым болду. Мындан улам бир катар депутаттар аны сынга алышты. Ошондой эле аба булгады деген ишканаларды текшерүүнү үч ай деп чектебей, жыл бою жүргүзүү сунушу айтылды.

Бүгүн Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитети «Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» мыйзамды өзгөртүү тууралуу долбоорду карап жатат.

Эске салсак, соңку жылдары Бишкек айрыкча суук түшкөн маалда дүйнөнүн абасы эң булганган шаарларынын сап башына чыгып келет.

Количество просмотров: 53