КР УКМКнын мамлекеттик жана муниципалдык органдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык кызмат башкармалыгынын (мындан ары — МКБ) кызмат адамдарына карата тендердик долбоорлорду ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактылары боюнча кылмыш иши козголду.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында аталган башкармалыктын директору жана кызматкери 2023-2024-жылдар аралыгында ар кандай иш аткаруучу уюмдардын (ЖЧКлардын) өкүлдөрү менен алдын ала сүйлөшүп алып, долбоордук-сметалык документтерди иштеп чыгуу жана курулуш иштерин аткаруу боюнча тендерлерди уюштуруу боюнча конкурстарды формалдуу түрдө өткөрүп, жыйынтыгында аларга тиешелүү болгон (аффилирленген) компаниялар жеңип чыккандыгы аныкталган. Натыйжада түзүлгөн келишимдердин шарттарында каралган милдеттенмелерди ушул күнгө чейин аткарбай келе жаткан иш каналардын банктык эсептерине бюджеттик каражаттардын эсебинен болжол менен 4 000 000 млн сом которулган.
Бул жерде, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуп бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз сарптоо, тендер өткөрүүдө уюштуруучулар менен катышуучулардын жең ичинен келишип алганы, аткарылган жумуштардын бааларын жасалма түрдө жогорулатуу боюнча фактылар ачык-айкын көрүнүп турат.
Учурда тергөө иштери уланууда, Кызыл-Кыя мэриясынын МКБ директору
«С.И.М.» жана кызматкери «Т.И.» КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди.