Башкы прокурор Индира Жолдубаева бүгүн ЖКнын Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетине 2017-жыл боюнча отчетун бермек. Бирок, бул отчет жылдырылганын комитеттен билдиришти.
Анда белгилүү болгондой, буга Бишкекте өткөн сот реформасы боюнча тегерек жыйынга аталган комитеттин башчысы, депутат Канат Керезбековдун катышуусу себеп болгон.
Эгерде, бүгүн комитеттин жыйыны өтүп, башпрокурордун отчету угулган болсо, эртең ЖКнын жалпы жыйынына алып чыкмак.
Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 30-январдагы отурумунда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” …