• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жогорку Кеңештин 2 комитетинин төрагалары кызматын тапшырды

25 Бирдин айы 202610:35 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин эки комитетинин төрагалары кызматтан кетишти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев 25-февралда парламенттин жыйынында билдирди.

Ал Сот-укук иштери, укук тартиби, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин төрагасы Болотбек Борбиев жана Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитеттин башчысы Гүлсункан Жунушалиева өз каалоолору менен кызматын тапшырышканын айтты.

Спикер күн тартибине жаңы төрагаларды шайлоо маселесин кошууну сунуштады.

Количество просмотров: 535