• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖКда камактагы журналист Мамыркулованын маселеси көтөрүлдү

7 Чын куран 202517:34 Бишкек Govori.TV

ЖКнын Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев журналист Канышай Мамыркулованын кармалышы боюнча маселе көтөрдү.

Ал Акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага суроо узатып, журналисттин кармалышынын мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин сурады.

Эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованын иши боюнча сот отуруму 9-апрелде өтөт.

22-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунда эркин журналист, активист Канышай Мамыркулованы эки айга камоо чечимин чыгарды.

Количество просмотров: 419