• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

ЖКдагы “Кыргызстан” фракциясы маркум Нурлан Кадыкеевдин жакындарына көңүл айтты (фото)

13 Кулжа 2018 13:20 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 13. 06. 2018. Govori.TV

Жогорку Кеңештеги “Кыргызстан” Парламенттик Фракциясы депутат Нурлан Кадыкеевдин(Макеев) каза тапканына байланыштуу маркумдун жакындарына көңүл айтты. Анда мындай деп айтылат:

“2018-жылдын 12-июнунда 48 жашында күтүүсүз Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин депутаты Кадыкеев Нурланбек Кадыкеевичтин каза болгондугун аза күтүү менен маалымдайбыз.

Кадыкеев Нурланбек Кадыкеевич «Кыргызстан» партиясынын өкүлү жана КР ЖКнын Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы болгон.

Кадыкеев Нурланбек Кадыкеевичтин өмүр баяны өзү туулуп өскөн жана эмгек жолун автослесарь болуп иштеп баштаган Нарын областынын Кочкор районунан башталат.

1990-жылы Бишкек финансы-экономикалык техникумун, 1999-жылы Кыргыз улуттук университетинин «юриспруденция» бөлүмүн аяктаган. Кийин 2007-жылы Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиядан «финансы жана кредит» адистигин бүтүргөн.

Жогорку окуу жайын аяктаган соӊ 1998-жылдан тарта республиканын мамлекетик мекемелеринде жооптуу кызматтарды аркалап турган.

2015-жылы «Кыргызстан» партиясынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин VI чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Кадыкеев Нурланбек Кадыкеевичтин депутаттык ишмердиги кызыкчылыктарын республиканын парламентинде коргоо укугун ишенип берген кыргыз элинин тагдыры үчүн жоопкерчилигинин жогорку деӊгээли менен айырмаланып турган. Депутат болуп турган учурунда республиканын экономикасына зор көӊүл бурган.

Н.К.Кадыкеев ишенимдүү кесиптеш, даанышман жетекчи, боорукер жана жоопкерчиликтүү инсан болгон. Турмуштук тажрыйбасынын молдугу, акылмандыгы, адамды сүйө билгендиги менен айырмаланып турган. Өзүнүн толеранттуу жүрүш-турушу, кызыкчылыктардын компромисине баруу аркылуу адамдарды бириктирип, ынтымакка чакыргандыгы менен депутаттардын арасында бийик кадыр баркка ээ болгон.

Биз Кадыкеев Нурланбек Кадыкеевич аркылуу жөн эле инсандан эмес, кесипкөй адистен, ишенимдүү достон, зирек саясатчыдан айрылып отурабыз. Анын тереӊ кайгырып турган тууугандарынын жана жакындарынын, ишиндеги кесиптештеринин жоготуусу орду толгус. Белгилүү коомдук ишмер жана саясатчы Кадыкеев Нурланбек Кадыкеевичтин элеси өмүр бою жүрөгүбүздөн өчпөй кала берет.

Депутаттын үй-бүлөсүнө жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз”.

 

Количество просмотров: 6