• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

ЖККУ аскерлери Казакстандан кайтып жатат

15 Үчтүн айы 2022 17:08 Бишкек Govori.TV

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) күчтөрү катары Казакстанга жөнөтүлгөн орусиялык алгачкы алты учак аскерлер мекенине кайтып, Иваново шаарындагы аэродромго жеткирилгенин 15-январда Орусиянын Коргоо министрлиги билдирди. Андан ары алар туруктуу жайгашкан пункттарына жөнөйт.

Мындан тышкары дагы эки учак аскерлер Москванын четиндеги «Чкаловский» аэродромуна конду.

Орусиянын учактары менен Армениянын, Белорустун жана Тажикстандын аскерлери да өз өлкөсүнө кайра жеткирилди, Кыргызстандан баргандар 14-январда өз алдынча кайтып келишти.

Казакстанда газдын баасын төмөндөтүү талабы менен 2-январда тынч митингдер башталган. Президент 5-январда өкмөттү иштен кетирген жана акцияга чыккандардын талаптары аткарыларын, экономикалык реформалар жүргүзүлөрүн убада кылган. Кийин митинг өтүп жаткан Алматыда башаламандык чыгып, кан төгүлгөн. Бийлик өлкөгө террордук чабуул жасалганын айтып, ЖККУдан жардам сураган. 11-январда президент Токаев ЖККУнун миссиясы аяктаганын билдирген.

Количество просмотров: 157