Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Катчылыгы Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы Мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюлганын кубаттайт.
Маалыматта, эки өлкөнүн лидерлеринин ырааттуу аракетинин жана саясий эркинин аркасында мамлекеттик чек аранын дээрлик миң километрге созулган сызыгы макулдашылдыгы айтылат.
«Чек ара маселелерин чечүү ар кандай чөйрөлөрдө аймактык кызматташтыкты прогрессивдүү өнүктүрүүгө, ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндө коопсуздукту жакшыртууга жана Уюмдун алдында турган милдеттерди аткарууга өбөлгө түзөрү шексиз», — деп айтылат маалыматта.
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 12-мартта Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген. Сапардын алкагында 13-мартта өлкө лидерлери кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча келишимге, суу жана жолду пайдалануу боюнча макулашуулар баштаган документтерге кол коюлду.
13-мартта Бишкектеги “Ынтымак ордодо” Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин Баткен районундагы “Кызыл-Бел” өткөрмө бекети эл аралык деңгээлде, ал эми Лейлек районундагы “Кайрагач” бекети эки тараптуу болуп кайра ачылды.