• Шаршемби 15 Бугу 2024
  • Среда 15 Май 2024

ЖККУ өлкөлөрүнүн тынчтык күчтөрү Таразда кызмат өтөй башташты

7 Үчтүн айы 2022 13:28 Бишкек Govori.TV

ЖККУ өлкөлөрүнүн (Беларусь жана Россия) тынчтык күчтөрү Таразда кызмат өтөй башташты, бардык күйүп жаткан имараттардын кире бериштери жабылды, шаардык акимчиликте штаб жайгаштырылды, деп билдирет КазТАГ.

Эске сала кетсек, ЖККУ өлкөлөрү Казакстанга 2500 аскер кызматкерин жөнөтүүнү пландоодо.

Ал эми Кыргызстандын Жогорку Кеңеши бүгүн, 7-январда кезексиз жыйынга чогулду. Эл өкүлдөрү коңшу Казакстандагы кырдаалды, анын ичинде Казакстанга аскер кызматкерлерин жөнөтүү маселесин жабык талкуулап жатышат, каттоодон 53 депутат өткөн.

Кыргызстан Казакстанга 150 аскер кызматкерин, 8 даана бронетехника, 11 автотехника жөнөтөт, деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев.

Эске сала кетсек, 2-январда Казакстандын батышында суюлтулган газдын кымбатташына байланыштуу нааразылык акциялары башталган. Кийин нааразылык акциялары өлкөнүн башка аймактарына да жайылган.

Казак өкмөтү отставкага кетип, өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин төрагасы алмашып, Нурсултан Назарбаевдин ордуна Касым-Жомарт Токаев келди. Өлкө боюнча өзгөчө абал жарыяланды.

Токаев жардам сурап ЖККУга кайрылды, уюм бейпилдик күчтөрүн Казакстанга жөнөтүү чечимин кабыл алды.

6-январга карата Казакстандын аскер кызматкерлеринин арасында курмандыктар жана талап-тоноолор катталды.

Количество просмотров: 821