• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

ЖККУнун Казакстандагы аскерлерин Сердюков башкарат

7 Үчтүн айы 2022 15:51 Бишкек Govori.TV

Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Казакстанда тынчтык орнотуучу аскерлерин генерал-полковник Андрей Сердюков башкарат. Бул тууралуу Россиянын Коргоо министрлиги билдирди.

«Казакстанга жөнөтүлгөн орус аскерлери атайын даярдыктан өтүшкөн жана согуш талаасында тажрыйбасы бар. ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн Россиянын аба-десант аскерлеринин жетекчиси Андрей Сердюков башкарат», — деди РФтин Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков.

Ал Алматы шаарындагы аэропорт Казакстандын укук коргоо органдары менен биргеликте көзөмөлгө алынганын белгиледи.

Количество просмотров: 265