• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

ЖКнын 17 депутаты кытайлыктардын эсебинен Кытайга барат

24 Бугу 2018 13:54 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 24.05. 2018. Govori.TV

Жогорку Кеңештин 17 депутаты  бүгүн Кытайга расмий иш сапарга аттанат. Бул тууралуу сапар алдында ЖКнын депутаты Исхак Масалиев өзүнүн соцтармактагы баракчасына жазган.

Анда белгилүү болгондой, бул сапар Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдүнсаясий партияларынын эл аралык конференциясына байланыштуу болгон. “ЖКдагы алты саясий партиянын өкүлдөрүнөн тышкары, мени дагы Коммунисттер партиясынын өкүлү катары чакырышкан. Биздин партияны алар менен мурдатан эле достук мамиле бириктирип турат. Депутаттардын бул иш сапары “Бир алкак-бир жол” долбоорунун ишке ашырууга салым болуп калмакчы”,-деп жазган ал.

Ошондой эле ал парламентти сындагандар үчүн  иш сапардын каржылык чыгымын толугу менен менен чакырган тарап көтөрө турганын белгилеген.

Эске сала кетсек, жакында эле ТЭЦтин модернизациясын кароо жыйынында депутат Улан Примов депутаттардын чакырган тараптын каржылоосу менен иш сапарга чыгуусун чектөө тууралуу сунушун айткан.

 

Количество просмотров: 32