• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

ЖКнын комитети төкмө акын менен журналисттин иши боюнча маалымат угат

1 Бирдин айы 2022 15:10 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети «Temirov Live» редакциясынын кызматкерлерине козголгон кылмыш иши боюнча ИИМдин маалыматын угат.

Жыйында ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев доклад жасайт.

Эске салсак, 22-январь күнү кечинде Temirov LIVE деп аталган YouTube каналынын негиздөөчүсү, журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция кармап кеткен. ИИМдин маалыматына караганда, баңгизатка байланыштуу кылмыш иши козголуп, экөө тең шектүү катары өткөн. Журналисттер, активисттер жана акындар 23-январда чогулуп, аларды бошотуу талабын койгондон кийин экөө тең үй камагына чыкты.

Количество просмотров: 115