• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

ЖКнын мурдагы депутаты мыйзамсыз пайдаланып келген муниципалдык имарат бошотулат

26 Аяк оона 2023 10:25 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты мыйзамсыз пайдаланып келген муниципалдык имарат бошотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаевдин катышуусунда Муниципалдык мүлктү башкаруу департаменти Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы менен биргеликте көчмө жыйын өткөрүлүп, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Замирбек Парманкулов тарабынан муниципалдык имаратты мыйзамсыз пайдаланып жаткандыгы аныкталды.

Бүгүнкү күндө Рабочая көчөсү, 11б дарегинде жайгашкан муниципалдык имараттарды бошотуу иштери жүрүп жатат.

2023-жылдын 6-апрелиндеги келишимге ылайык, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тиешелүү Рабочая көчөсү, 11Б дарегинде жайгашкан 0,517 га муниципалдык жер тилкеси, андагы муниципалдык бала бакча комплекси Бишкек шаарынын мэриясынын Муниципалдык мүлктү башкаруу боюнча департаментине тиешелүү Кийизбаев көчөсү, 206 дарегинде 1,516 га түзгөн иш жүзүндөгү имараттары менен алмашылган.

Количество просмотров: 112