• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖКнын түзүмү каралып, тармактык комитеттер бекитилди

17 Бештин айы 202516:19 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында парламенттин түзүмү каралып, тармактык комитеттер бекитилди.

5 депутаттык топтон VIII чакырылыштагы Жогорку Кеңештин төмөнкү комитеттерин түзүү тууралуу сунуш түшкөн:

  • Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети;
  • Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети;
  • Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана чөйрөнү коргоо боюнча комитети;
  • Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети;
  • Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитети;
  • Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети;
  • Сот-укук маселелери, укук тартиби, коррупция менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети;
  • Эмгек, саламаттыкты сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелери боюнча комитети.

Жыйынтыгында Бүткүл Жогорку Кеңештин комитети берилген сунушту колдоп, тиешелүү токтом долбоорун Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү тууралуу чечим кабыл алды.

Количество просмотров: 145