• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖКнын тармактык комитети ЖЭБде жыйын өткөрөт

30 Тогуздун айы 20189:08 Бишкек Govori.TV
Бишкек.30.10.2018.Govori.TV.
Парламенттин отун-энергетикалык комплекси жана жер казынасын пайдалануу комитети бүгүн, 30-октябрда Бишкек Жылуулук электр борборунда жыйын курат. Анда ЖЭБдеги авариянын чоо-жайын иликтеген депутаттык комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча берилген тапшырмалардын аткарылышы талкууланат.
Жыйынга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов, башкы прокурор жана УКМК жетекчиси чакырылган.
Быйыл 26-январдагы кыш чилдеде андан алты ай мурда модернизацияланган Бишкек Жылуулук электр борборунда авария болуп, башкалаага бир жума бою жылуулук берилген эмес.
Авариядан кийин анын чоо-жайын жана модернизацияга кеткен Кытай насыясын иликтеген депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссия корутундусун май айында парламент сессиясында жарыялап, тиешелүү жетекчилерге бир катар тапшырмалар берилген
Количество просмотров: 58