Жогорку Кеңештин жыйындар залы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап техникалар менен жабдылат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, 10-мартта ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жүргүзүлө турган оңдоо иштери боюнча маалымат алып, 2023-жылы парламенттин техникалык базасын чыңдоого байланыштуу Түштүк Корея менен атайын макулдашууга кол коюлганын айтты.
Белгилүү болгондой, быйыл ЖК имаратынын чоң жыйындар залы санариптештирилип, заманбап техникалар менен жабдылары күтүлүүдө.
Ак үй 1984-жылы ишке берилген. Жалпы аянты 4,5 гектар жерди ээлейт. Акыркы жолу чоң жыйындар залы 2010-жылы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөн.