Жогорку Кеңештин жыйындар залын оңдоо иштери 1-майдан башталат.
Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев соцтармак баракчасы аркылуу билдирип, май жана июнь айларында өтө турчу жалпы жыйындар өкмөттүн мурдагы имаратында болорун айтты.
Эске салсак, буга чейин Жогорку Кеңештин жыйындар залы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, заманбап техникалар менен жабдыла турганы айтылган.
10-мартта ЖК төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу жүргүзүлө турган оңдоо иштери боюнча маалымат алып, 2023-жылы парламенттин техникалык базасын чыңдоого байланыштуу Түштүк Корея менен атайын макулдашууга кол коюлганын айткан.