• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

ЖМК тууралуу жаңы мыйзам комитеттин күн тартибинен алынды

15 Үчтүн айы 2024 15:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-январда Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында «Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору каралды.

Аталган мыйзам долбоорунун концепциясы парламент тарабынан колдоо тапкан жок.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков жаңы мыйзам долбоорунун айланасында коомдук талкуу уюштурулушу керектигин айтты.

Эл өкүлү Нуржигит Кадырбеков бул мыйзамды кайра дыкат иштеп келүү сунушун берсе, депутат Айбек Осмонов мыйзам долбоорун күн тартибинен алууну сунуштады.

Эске салсак, президенттин администрациясы сунуштаган жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) тууралуу жаңы мыйзам долбоору 2023-жылдын май айында коомдук талкууга коюлган.

Президенттин администрациясы 2022-жылы сентябрда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” долбоорду коомдук талкууга чыгарган. Документ сөз эркиндигин чектейт деген сын -дооматтан кийин 5-декабрда жумушчу топ түзүлүп, ага президенттик администрациянын өкүлү Мурат Укушов баш болгон беш киши, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен жана медиа коомчулуктан 15 киши кирген.

Андан бери мыйзам долбоорунун бир нече варианты иштелип чыгып администрация менен медиа коомчулук орток пикирге келген эмес.

Документте веб-сайттар Юстиция министрлигинен милдеттүү түрдө жалпыга маалымдоо каражаты болуп катталууга тийиш деген талап коюлган. Бул сунуш ача-пикир жаратууда. Андан тышкары 18ге чыга элек жаран, өлкөдө ишмердүүлүгүнө тыюу салынган адамдар жана юридикалык мекемелер, ошондой эле чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок адамдар Кыргызстанда ЖМК ачып иштете албай турганы жазылган.

“Адилет” укуктук клиникасынын юристтери аталган мыйзам долбоорунда адам укугун жана эркиндигин чектеген олуттуу алешемдиктер, тобокелдиктер бар экенин белгилеп келет.

Количество просмотров: 79