• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖК комитеттери бюджет тууралуу мыйзам долбоорун үч окууда жактырды

23 Бештин айы 202516:27 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети, Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети, Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитети, Агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитети,  Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитети, Өнөр жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш боюнча комитети биргелешкен жыйындын алкагында республикалык бюджетке тиешелүү мыйзам долбоорлорун карашты.

Биргелешкен жыйынга Адылбек Касымалиев баштаган Министрлер кабинетинин өкүлдөрү катышты.

Алсак, «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлору каралды. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету да угулду.

Жыйынтыгында «Кыргыз Республикасынын 2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу», «Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө» мыйзам долбоорлору үч окууда жактырылды. Муну менен катар Кыргыз Республикасынын 2024-жылга республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчету да колдоого ээ болду.

Количество просмотров: 111