• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

ЖК комитети УКМКнын төрагасын жана 3 министрди дайындоого макулдук берди

17 Бирдин айы 202611:09 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитети бир катар ведомстволордун жетекчилеринин талапкерлигин жактырды.

Ошентип, депутаттар төмөнкү талапкерлерди дайындоого макулдугун беришти:

  • Шабданбеков Жумгалбек Кумаровичти — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызматына;
  • Шамырканов Урматбек Муслимовичти — өзгөчө кырдаалдар министринин кызматына;
  • Токтобаев Акыл Токтобаевичти — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин кызматына;
  • Солтобаев Талантбек Осмонбаевичти — транспорт жана коммуникациялар министринин кызматына.

Количество просмотров: 100