• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жо Байден менен Путин 16-июнда Женева шаарында жолугат

26 Бугу 2021 14:04 Бишкек Govori.TV

АКШ президенти Жо Байден Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен 16-июнда Женева шаарында жолугат. Бул тууралуу Ак үй жана Кремль 25-майда жасаган билдирүүдө айтылат.

“АКШ менен Орусия мамилелериндеги стабилдүүлүктү калыбына келтирүү максатында лидерлер бир катар маанилүү маселелерди талкуулайт”, — деп белгиленет Байдендин администрациясынын билдирүүсүндө.

Бул – Байден январда кызматка расмий киришкенден бери эки жетекчинин алгачкы жолугушуусу болмокчу.

Кремль “орус-америка алакаларынын абалын жана өнүгүү перспективаларын, стратегиялык стабилдүүлүктүн көйгөйлөрүн, эл аралык маселелерди, анын ичинде коронавируска каршы күрөштү, регионалдык чыр-чатактарды жөнгө салууну талкуулоону көздөгөнүн” билдирди.

Кездешүү эки державанын мамилелери “кансыз согуш доорундагы” абалга кайтышы мүмкүн деген коркунуч жаралган кыйын маалга туш келүүдө.

Количество просмотров: 133