• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жогорку Кеңеш “Ачык асман” долбоорун жактырды

6 Бештин айы 2018 16:45 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 05.11.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңеш “Ачык асман” долбоорун 3-окууда кабыл алды. Добуш берүүгө 108 депутат катышып, баары макулдугун берди.
Мыйзам боюнча эми бул мыйзам долбоорго президент кол койсо, кабыл алынат.
Мыйзам “Ачык асман” долбоорун ишке ашырууга шарт түзөт. Башкача айтканда, бардык учактарга Кыргызстандын аба мейкиндиги аркылуу эркин каттоосуна мүмкүнчүлүк берилет. Ал үчүн Аба кодексине «аба эркиндигинин 5-даражасын» киргизүү зарыл.
Жарандык авиация департаментинин директору Курманбек Акышев мыйзам долбоору кабыл алынса, департамент жаңы тартип менен иштөөгө даяр экендигин айткан. Ал билдиргендей, тиешелүү документтерге өзгөртүүлөр киргизилип, бардык эл аралык авиациялык уюмдарга билдирүү жасалат.
Количество просмотров: 27