• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Жогорку Кеңеш Казакстанда кармалган депутатка болушту

21 Бирдин айы 2018 15:39 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 21.02. 2018. Govori.TV
Парламенттин басмас-сөз Казакстандын күч органдары тарабынан «аткезчиликке жана кылмыштуу топ түзүүгө катыштыгы бар» деп кармалган Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек уулу Дамирбектин абалы боюнча билдирүү таратты.
Анда парламент ТИМ менен биргеликте депутаттын кармалышы боюнча абалга тыкыр байкоо салып турганын, “Кыргызстан” фракциясынын кечээки билдирүүсүн колдоого алаарын билдирилген.
“Асылбек уулу Дамирбек парламенттеги социалдык-экономикалык  маселелердин чечилишине көңүл бурган бирден бир активдүү депутаттардын бири. Ошондой эле ал өзүнүн спорттогу жетишкендиктери менен Кыргызстандын жана Казакстандын желегин желбиретип, күрөш спортунда ийгиликтерди жараткан. КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Жумабеков кесиптеши,  Казакстан Республикасынын Мажилисинин төрагасы Нурлан Нигматулинге Асылбек уулу Дамирбектин ишин  эл аралык эрежелердин чегинде акыйкат иликтөөгө кол кабыш кылууну жана Жогорку Кеңештин депутаттары менен жолугууну уюштурууга жардам берүүнү суранды”,-деп айтылат билдирүүдө.
Эске сала кетсек, 16-февралда Казакстандын Алматы облусунда къч структуралары биргелешкен операция өткөрүп,  аткезчилик боюнча 30дан ашык адамды кармашкан. Алардын ичинен үчөө кыргызстандыктар.
Количество просмотров: 23