• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жогорку Кеңеште он өлкөгө визасыз режимди киргизүү сунушталууда

27 Жетинин айы 2018 12:16 Бишкек Govori.TV
Бишкек.27.11.2018.Govori.TV.
Жогорку Кеңеште он өлкөгө визасыз режимди киргизүү сунушталууда. Мыйзамдолбоорду Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитет карап жатат.
Маалыматка караганда, 2012-жылдан бери Кыргызстан 45 өлкөгө визасыз режимди киргизген.
«Кыргызстан өз убагында визасыз режимди киргизген. Туристтердин саны өстү. Азырынча жайырак болууда, ошентсе да туристтик объектилер өнүгүп жатат. Кыргызстандан кийин Казакстан дагы визасыз режимди киргизди, азыр Өзбекстан дагы бул маселенин үстүндө иштеп жатат», -деди депутат Дастан Бекешев.

Өкмөт Румыния, Болгария, Кипр, Аргентина, Чили, Черногория, Андорра, Бразилия, Сан-Марино жана Оманга визасыз режим киргизүүнү сунуштады.

Туризм департаментинин маалыматына ылайык, Кыргызстанга келген туристтердин саны 5 жылда 40 миңден 113 миңге чейин өскөн.
Количество просмотров: 32