• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жогорку Кеңеште саатты алдыга жана артка жылдыруу сунушталды

18 Тогуздун айы 2018 15:36 Бишкек Govori.TV
Бишкек. 18.10.2018. Govori.TV
Жогорку Кеңештин депутаты Закир Шарапов, парламенттин жыйынында саатты кайрадан жылдырууну сунуштап чыкты.
Эл өкүлүнүн айтымында, кышкысын айрыкча жаш балдарга кыйын болууда. «Балдардын маанайы пас, кежирленип башташат. Эртең менен эрте тура албайт. Айрым мектептер 3 смен менен иштейт, сабактар 7 жарымда башталат. Окуучулардын уйкусу канбай, сабакка даяр эмес. Айдоочуларга да кыйын болду, жол кырсыктарынын себебинин бири ушул», -деди депутат.
Мындай сунушту ал  Илимдер академиясына жолдоду.
Эске салсак, 2005-жылга чейин Кыргызстан сезон менен саатты алдыга жана артка жылдырып келген.
Количество просмотров: 23