• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Жогорку Кеңеште жаңы депутаттар ант берди

14 Бугу 202010:11 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин бүгүн, 14-майдагы отурумунда жаңы мандат алган 2 депутат ант берди. БШК «Кыргызстан» фракциясынан депутат катары Шаршенбек Абдыкеримов менен Жаныбек Жоробаевди каттаган.

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков жаңы депутаттардын иштерине ийгиликтерди каалады.

«Кыргызстан» фракциясындагы депутаттар Алмазбек Эргешов менен Жаныбек Исаев мандатын тапшыруу тууралуу арыз жазган.

Количество просмотров: 301