• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Жогорку окуу жайга кабыл алуу онлайн өтөт

8 Кулжа 2020 14:16 Бишкек Govori.TV

Коронавирус пандемиясынан улам быйыл Кыргызстандын жогорку окуу жайларына (ЖОЖ) тапшыруу жалпы республикалык тестирлөөнүн (ЖРТ) жыйынтыгы боюнча онлайн-форматта өтөт. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Нурлан Өмүров билдирди.

«Министрлик атайын система иштеп чыкты. Быйыл абитуриенттер жылдагыдай талондорун өздөрү барып салбайт. Аларга ЖРТ талондорун платформада каттоо мүмкүнчүлүгү түзүлдү», — деди министрдин орун басары.

Өмүровдун айтымында, өлкөдө ЖРТ тапшыруу үч баскычта өтөт: 21-22-июнда, 24-25-июнда жана 11-12-июлда. Буга чейин республикалык тестирлөөнү аралыктан өткөрүү мүмкүн эмес экени айтылган. Бул үчүн өлкө боюнча санитардык талаптар сакталган, медициналык бөлүмдөр жана дарыгерлердин нөөмөтү уюштурулган 116 атайын борбор даярдалууда.

Коронавирустун жайылуусунан улам Кыргызстандын бардык аймагына өзгөчө кырдаал режими жана айрым шаарлар менен райондорго өзгөчө абал режими киргизилгенден кийин студенттер менен окуучулар онлайн окууга өтүшкөн.

Количество просмотров: 163