• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жогорку сот Элдар Абакировдун арызын канаттандырган жок

18 Бештин айы 20259:01 Бишкек Govori.TV

Жогорку сот 17-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон Элдар Абакировдун арызын карап, аны канаттандырган жок.

Соттук коллегия Абакиров боюнча Бишкек шаардык административдик сотунун чечимин күчүндө калтырды.

12-декабрда Бишкектин административдик соту талапкердин арызын канааттандыруудан баш тарткан.

№26 округдан парламент депутаттыгына талапкер Элдар Абакиров 30-ноябрдагы шайлоодон кийин кайрылуу жасап, Кемин районунда 5-6 адам 460 миң сом менен кармалганын айткан. Мындай мыйзам бузуунун чоо-жайын териштирүүнү талап кылган. Күнөөлүүлөр аныкталбаса, округдагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууну сунуштаган.

Количество просмотров: 149