• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Жогорку сот Садыр Жапаровдун ишин карайт

29 Бугу 2018 9:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 29.01.2018. Govori.TV

Бүгүн Бишкекте Жогорку Сот Садыр Жапаровдун кылмыш ишин карайт. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти. Ал 2013-жылы Каракол шаарындагы «Кумтөр» кенине каршы митингде губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштургандыгы үчүн «башаламандык», «барымтага алуу» беренелери менен күнөөлүү деп табылган. 2017-жылы Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 11 жарым жылга эркинен ажыраткан.

Бирок, Садыр Жапаровдун ишиндеги башкы жабырлануучу Эмилбек Каптагаев ал камакка алынгандан бери эле эч кандай Садыр Жапаровдун үстүнөн арыз жазбаганын айтып келет.

Эске сала кетсек, Садыр Жапаров 2017-жылдын 25-мартта кармалган. Ошол эле күнү УКМКнын алдындагы митингде анын бир тууганы жана уулу болуп 12 адам камакка алынган. Кийинчерээк, абакта анын күч колдонулуп катуу ур-токмокко алынганы жарыя болуп, бирок, “өзүнө өзү кол салды” деген аныктама менен күч колдонуу окуясы жабылып калган.

Количество просмотров: 3