• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жол, ажаткана, кышка даярдык. Сыргабаев Жалал-Абаддагы иштер менен таанышты

29 Баш оона 202415:50 Бишкек Govori.TV

Транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаев 28-августта Жалал-Абад облусуна жумушчу сапары менен барды. Бул туурлауу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, министр Токтогул районундагы саатына 60 тонна, ал эми күнүнө 420 тонна асфальт чыгарган заводго барды. Сыргабаев эртеңден тарта Үч-Терек-Өзгөрүш жолуна асфальт чыгарып баштоо тапшырмасын берди.

Ошондой эле Сыргабаев Бишкек — Ош жолунун Суусамыр өрөөнүндөгү жол оңдоо иштеринен кабар алып, Кочкор-Арал жолуна жол белгилерин коюу жана кышка даярдык көрүү маселесин талкуулады.

Сыргабаев Төө-Ашууда жайгашкан Көлбаев атындагы тоннелде жүрүп жаткан жумуштарды текшерди. Ал жакта 2 коомдук ажаткана курулуп, таза суу киргизүү жумуштары жүрүп жатат. Иштерди сентябрь айынын аягына чейин бүтүрүү тапшырмаы коюлду.

Количество просмотров: 136