• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жол инспекторлору Ноорузда күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

19 Жалган куран 202517:55 Бишкек Govori.TV

Жол инспекторлору Нооруз майрамында күчөтүлгөн тартипте иш алып барат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, ИИМдин борбордук аппаратына башкы башкармалыктын жетекчилиги тарабынан 21-март Нооруз майрамы учурунда коомдук коопсуздукту сактоо жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча саптык кароо өткөрүлдү.

Анда кызматкерлердин сырткы келбетин, алардын форма кийүү эрежелерин сакташын, кесиптик даярдыгы текшерилди.

Муну менен катар, өздүк курамды көзөмөлдөгөн кураторлорго эң биринчи тартип жана мыйзамдуулукту сактоону, кызмат учурунда жарандар менен сылык мамиледе болуу эскертилди.

Ал эми, кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу максатында окутуу-үйрөтүү иштерин жүргүзүүгө жана тажрыйбасы мол кызматкерлерден насаатчылыкты дайындоо тапшырмасы коюлуп, жалпы жол унаа кырсыктарын алдын алуу боюнча иштерди жүргүзүү тапшырылды.

Количество просмотров: 164