ЖКККББнын башчысы Азенбек Козукеев Бишкек — Ош жолундагы Сосновка постун таң атпай барып текшерген.
Жол кыймылынын коопсуздугу башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, инспекторлор өз кеңсесинде болушкан, бул үчүн Козукеев аларды сынга алган. Ал жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн алар Бишкек-Ош жолунда болушу керектигин билдирген.
“Жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилбеди беле. Силер бул жакта жылынып отурганда алар өтүп кетсе эмне болот? Мындай аба ырайында иш тартибин өзгөртүү керек. Сыртка чыгып иштегиле, айдоочулар менен профилактикалык сүйлөшүүлөрдү жүргүзгүлө”, — деген жетекчи.