• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө

17 Бештин айы 202410:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн 17-декабрда эртең менен Бишкек-Ош жолундагы Арал постунда оор жүк ташуучу унаалар үчүн киргизилген убактылуу чектөө күчүндө турат.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жолчулары тарабынан түнү менен жолду тазалоо, инерттик материалдарды себүү иштери жүргүзүлдү.

Азыркы тапта да жалпы пайдалануудагы унаа жолдорго, өзгөчө тайгак тилкелерге кум-туз аралашмасын чачуу жумуштары уланууда.

Министрлик кандай кырдаал жаралбасын каршы тилкеге чыкпай, жол эрежесин так сактоо менен керектүү шаймандарды ала жүрүүгө чакырат. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Количество просмотров: 120