• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Жолдошбек Жунушевди кызматынан бошотуу сунушталды

24 Үчтүн айы 202014:08 Бишкек Govori.TV

Коопсуздук кеңеши өкмөткө Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Жолдошбек Жунушевди кызматынан бошотууну сунуштады. Бул тууралуу бүгүн, 24-январда Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев билдирди.

Мындай чечим Коопсуздук кеңешинин чечимдери аткарылбай жаткандыктан кабыл алынган.

«Буга чейин Мамэкотехинспекциядагы 6 кызматкер пара талап кылганы үчүн кармалган. Ошондой эле жетекчилер Коопсуздук кеңешинин чечимдерин ишке ашырууга байланыштуу чоң каталарды кетирген», — деди Сагынбаев.

Количество просмотров: 794