• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Жоопкерчиликти администрация тартат. Соода борборлор жана базарлар үчүн талаптар

20 Бугу 202012:08 Бишкек Govori.TV

21-майдан тарта соода борборлор жана базарлар иштейт баштайт. Республикалык штабдан кабарлашкандай, алар үчүн атайын талаптар каралган.

Алсак;

— Соода борборлорунун, дүкөндөрдүн администрациясы жарандардын дене табын ченөөсү жана келгендер үчүн 1,5-2 метр социалдык аралыкты сактоону камсыз кылышы керек. Соода түйүндөрү байланышта болбогон термометр жана антисептикалык каражаттар менен жабдылууга тийиш.

— Базарлардын администрациясы келгендердин социалдык аралыгы 1,5-2 метр сакталышын камсыз кылышы керек. Ошондой эле башаламан соодага жана өтмөктөр ортосундагы иретсиздикке жол бербөө боюнча иштерди жүргүзүүлөрү керек.

Количество просмотров: 279