• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун I туру башталды

25 Бештин айы 2023 12:15 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 2023-2024-окуу жылына карата жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун биринчи туруна каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Абитуриенттерди биринчи турга каттоо төмөнкүдөй графикте жүргүзүлөт:

  • 25-27-декабрь – талапкерлерди каттоо;
  • 27-декабрь саат 14:00 – каттоону аяктоо;
  • 28-декабрь саат 9:00гө чейин – кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмесин жайгаштыруу;
  • 28-30-декабрь саат 16.00гө чейин – ЖОЖго кабыл алууга сунушталган абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун тастыктоосу.

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу үчүн абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу графиги тууралуу толугу менен бул шилтемеде аркылуу таанышууга болот.

Количество просмотров: 74